28-сентябрь 2020/informator.kg-

Германия канцлери Ангела Меркел орусиялык оппозиционер Алексей Навальный  Берлиндеги клиникада дарыланып жаткан учурда барып кабар алган. Бул тууралуу жеке булактарына таянып Spiegel журналы жазды. Анда Меркел опппозициячыл Навальный 32 күн жатып, дарыланган Charite ооруканасына «жашыруун» түрдө барганы айтылат. Бул маалыматты Навальный өзү да ырастады. Ал бул жолугушуу «жашыруун» катары саналбай турганын, жөн гана жеке жолугушуу болгонун белгилеген.