15-август 2020/informator.kg-Испаниялык “Барселонанын” чабуулчусу, аргентиналык Лионель Месси каталондук клуб УЕФАнын Чемпиондор лигасынын чейрек финалында мелдештен четтегенден кийин командадан кетүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазып жатышат. Мюнхендик “Бавария” “Барселона” клубун 8:2 эсебинде утуп, Чемпиондор лигасынын жарым финалына чыккан. Немецтик клубдан мындай эсеп менен жеңилүү Мессинин карьерасында эң ири бурулуш болду. “33 жаштагы футболчу клубдун жетекчилигинин ишине канааттанбай келген. Мындан сырткары, Месси “Барселона” менен түзүлгөн келишими аяктаганда кете алат. Келишим 2021-жылы аягына чыгат”, – деп айтылат маалымат булактарында. Аргентиналык футболчу “Барселона” командасында ойноп келет. Клуб менен ал 10 ирет чемпиондук наамды, алты жолу Испания кубогун, төрт жолу Чемпиондор лигасы мелдешин уткан. Чабуулчу каталондук клубдун катарында расмий беттештерде 634 гол киргизген.