21-ноябрь 2020/informator.kg- Минск шаарында тамак-аштан ууланып, ооруканага түшкөн окуучулардын абалы туруктуу. Бул тууралуу Беларусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, кечээ, 20-ноябрда Минск шаарындагы №61 орто мектептин 280ге жакын окуучусу ашканада тамак жегенден кийин ууланган. Алардын ичинен 16 окуучу ооруканага жаткырылган. Аз убакыт өтпөй, өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы 2 окуучу ооруканага түшкөнүн кабарлаган.  Буга байланыштуу атайын комиссия түзүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат. Беларусиянын Тергөө комитети балдардын жапырт уулануусуна байланыштуу кылмыш ишин козгоду.