13-октябрь 2020/informator.kg- 5-октябрдагы митингде оор жаракат алган жаран комадан чыга элек. Бул тууралуу Бишкектеги №4 шаардык клиникалык ооруканадан билдиришти. Оор абалда жаткан жарандын аты-жөнү жашыруун бойдон калууда. Буга чейин митинг учурунда жаракат алып саламаттыкты сактоо мекемелерине медициналык жардам алууга жалпы 1 миң 2 адам кайрылган.