Бишкек. 16.11.20 informator.kg  Кечээ, Молдовада Президенттик шайлоонун 2-айлампасы жыйынтыкталды. Анда мурдагы өкмөт башчы, учурдагы Президент Игор Додондун атаандашы Маяа Санду шайлоочулардын 57,45 % добушун алып алдыга чыкты. Ал эми Игор Додон болсо шайлоочулардын  42,55 % добушун алууга араң жетишкен. Бул жалпы добуш берүүнүн 99,44 пайызы саналгандан кийинки жыйынтык.

Эксперттердин айтымында, Маяа Сандуга көбүнесе жаштар, Европалык шериктештикти жактаган топтор, диаспоралар добуш берип, демократиялык баалуулуктарды жактагандар басымдуулук кылган.

1972-жылы төрөлгөн жеңүүчү англис, орус, румын тилдеринде эркин сүйлөй алат жана анын саясий партиясы Молдовада Европалык интеграцияны жактоочулар катары белгилүү