1-август 2020/informator.kg-

1-августа Москва—Ош каттамы менен Кыргызстандын 162 жараны кайтып келди. Алардын арасында жаш балдар да бар, деп билдирди республикалык ыкчам штаб.
Бортто орундардын саны чектелүү жана Кыргызстанга келүүнү каалагандар көп болгондуктан аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси комиссия тарабынан түзүлдү.
«Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча Кыргызстандын жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Каттамга Россиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер, төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары барлар, ошондой эле ыкчам түрдө мекенине кайтууга олуттуу себептери бар болгон жарандар кирди», – деп айтылат маалыматта.