27-ноябрь 2020/informator.kg- 5-ноябрда Россиянын Москва шаарында “Колизей ММА” мушташуу уюмунун кезектеги “Чемпиондор күрөшү 16” турнири болуп өттү. Жалпысынан Кыргызстандан 22 спортчу катышты, алардын 17си жеңишке жетишти. 61 килограммга чейинки салмак ченинде Colosseum Team чемпиондук куру ойнотулуп, ал үчүн кыргызстандык Азамат Сапарбай уулу менен өзбекстандык Фахриддин Меликмуродов беттешти. Кыргызстандык биринчи раунддун экинчи мүнөтүндө техникалык нокаут менен жеңишке жетишти.