Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгында Аалымдар кеңешинин жыйыны жабык эшик артында өтүп жатат. Түштөн кийин башталган жыйынга журналисттер киргизилген жок.

Кечээ, 10-февралда эртең менен кызматын тапшыруу тууралуу арыз жазганы айтылган муфтий Максат Токтомушев кечинде УКМК тарабынан кармалды.

Ал эми Аалымдар кеңеши муфтийдин отставкасын кабыл алып, жаңы муфтийди дайындоо укугуна ээ.