11-август 2020/informator.kg-

Узакка созулган оорудан улам, 83 жаш курагында, мурдагы тышкы иштер министри Жамал Ташибекова көз жумду.1980-1986-жылдары министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, ошол эле учурда Тышкы иштер министрлигинин башчысы болуп иштеген.Жамал Ташибекова СССР менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы достук мамилелерди түзүүдө негизги ролду ойногон.Ошондой эле ал Фрунзен шаардык аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, чет мамлекеттер менен достук жана маданий байланыштар боюнча Кыргыз коомунун президиумунун төрагасы кызматтарын аркалаган.Ошондой эле ал Өкмөткө караштуу Үй-бүлө, аялдар жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик комиссияны, Аялдар уюмдарынын федерациясын жетектеген жана Маданият жана туризм министрлигинин Достук үйүнүн дирекциясынын башчысы болгон.
informator.kg сайтынын жалпы жамааты маркумдун жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт .