25-август 2020/informator.kg-

Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицейдин базасында IT адистигин окутууга бүтүрүүчүлөрдү кабыл алуу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта АКИпресс-Нарында өткөн маалымат жыйында Кыргызстандагы IT компаниялар биримдигинин аткаруучу директору Ширин Муканбетова менен долбоордун координатору Таттыбүбү Түлөбердиева билдирди.

Ширин Муканбетованын айтымында, Кыргызстан боюнча 6 шаарда IT боюнча лицейлер ачылууда.

«Маалыматтык технологиялар (IT) азыркы учурда дүйнөлүк өнүгүүнүн маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Анткени бүт процесстерди түзүп, кабыл алып, сактап жана пайдалануунун ыкмаларын изилдейт. Күн сайын IT технологиялары тез өнүгүп, адамдын практикалык ишинде көптөгөн тапшырмаларды автоматташтырат. Бул жаңы мүмкүнчүлүк IT тармагын борбор шаарда гана эмес, Кыргызстан боюнча өнүктүрүүгө жол ачат.Кыргызстандагы «Сорос» фонду (КСФ) жана Программалык камсыздоолорду жана кызматтарды өндүрүүчүлөрдүн кыргыз ассоциациясы (ПККӨКА) аймактык кесиптик окуу жайлардын базасында IT лицейлерди ачып жатат. 2020-жылдын бүтүрүүчүлөрү үчүн Токмок, Талас, Каракол, Нарын, Кызыл-Кыя, Бишкек шаарларындагы кесиптик лицейлердин негизинде IT лицейлер тармагы түзүлүүдө. «Python», «Javascript» программалоо тилдери боюнча 200 программистти даярдап, 1 жана 3 жылдын ичинде программист (башталгыч деңгээл) кесиби боюнча баштапкы кесиптик билим жөнүндө диплом жана 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө мектепти аяктагандыгы тууралуу күбөлүк ыйгарылат. IT кесиби ар дайым эң керектүү кесиптердин бири болуп келген. COVID-19 пандемиясынан кийин программисттерге суроо-талаптар өсүүдө», – деп билдиришти алар.Маалымат жыйындын катышуучулары алардын себебин атады:

– Онлайн окууга мүмкүнчүлүк бар;
– Программист кесиби дүйнөдө каалаган компанияда үйдөн иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Демек сиз өз аймагыңыздан чыкпай, эл аралык мекемелер менен иштешсеңиз болот;
– Жумуш тартиби ыңгайлуу жана айлык маянасы жогору болгондуктан үй-бүлөңүздүн жанында болосуз;
– Америкалык компаниянын эмгек акысы тажрыйбасына жараша жылына 60 000-100 000 долларга чейин жетет;
– Азыркы учурда Кыргызстанда программисттер тартыш болгондугу үчүн айлык маянасы 300 доллардан жогору. Ири компанияларда IT адистеринин маянасы 5000 доллардын тегерегинде болот;
– Окуу менен тажрыйба алууга чогуу жетишип, 10 айдан кийин иштеп баштаса болот.Булак:Турмуш