1-июль 2020/informator.kg-

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Нарында диний-экстремисттик уюмдарга бөгөт коюу иш-чарасынын алкагында алты аял кармалганын кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, алар «Хизб ут-Тахрир» уюмунун аялдар канатынын активдүү мүчөлөрү экени аныкталды:“Жашаган жерлерин тинтүү учурунда экстремисттик мүнөздөгү китеп, «Хизб ут-Тахрирди» пропагандалоого багытталган материалдарды камтыган планшет, ноутбуктар, телефон сим-карталары жана жазуусу бар күндөлүктөр табылды. Ал материалдар атайын экспертизага жөнөтүлдү”.Кылмышка шектүүлөр Нарындагы №24 убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Факт сотко чейинки териштирүүгө Жазык кодексинин “Экстремисттик уюмду түзүү” беренесинин негизинде алынды.«Хизб ут-Тахрир» уюму Кыргызстандын Жогорку сотунун токтому менен 2003-жылы экстремисттик деп таанылып, анын ишмердүүлүгүнө өлкө аймагында расмий түрдө тыюу салынган.Жалпысынан Кыргызстанда 21 уюмдун ишине тыюу салынган.