25-август 2020/informator.kg-

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү болуп эмгектенип жаткан Назарали Арипов кызматынан кетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлады.Анын кызматтан кетүүсүнө “Республика” партиясы менен 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого бара турганы себеп болгон. Ал 24-августта БШКнын отурумунда кесиптештерине ыраазычылык билдирип, кызматтын тапшырды.