Бишкек. 04.01.2021. informator.kg Сокулук райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Мээрим Мамтова изделүүдө. Укук коргоочулар билдиргендей, ал 2020-жылдын 2-декабрь күнү Новопавловка кыштагындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

«Дайынсыз болуп жаткан кыздын жеке белгилери: боюнун узундугу болжол менен 170 сантиметр, арык дене түзүлүштө, ийининен келген кара чачтуу. Үйүнөн чыгып жаткан күнү ак куртка, кара шым, кара бут кийимдүү болгон”,-деп айтылат маалыматта.

Эгер кимде ким Мээрим Маматова тууралуу маалыматтарды билсе, төмөнкү телефондорго кайрылып коюуну милиция суранат.

0312607567, 0558861486, 0709353529.