16-ноябрь 2020/informator.kg- Россияда курулуш иштеринин эң көйгөлүү маселеси жумушчу күчүнүн жетишсиз болуп жатканы байкалуда. Бул тууралуу брифинг учурунда вице-премьер-министр Марат Хуснуллин айтканын «Российская газета» сайты жазды. «Курулушта көбүнчө мигранттар иштейт. Чектөөлөр киргизилген соң, алардын басымдуу бөлүгү үйлөрүнө кетишкен, кайра кайта албай жатышат. Ошондуктан бизде эмгек ресурсунун жетишсиздиги чоң көйгөйдү жаратууда», — дейт Хуснуллин. Ал көпчүлүк бийликке кайрылып, мигранттар үчүн чек араны ачууну суранып жатышканын, бирок коронавируска байланыштуу абал турукташа электигинен улам азырынча тобокелчиликке бара албай турганын белгиледи. Ошондой эле, бийлик жок дегенде муктаждык жаралган ишканаларга мигранттарды кабыл алууга уруксат берүү маселесин карап жатканын кошумчалады.