Бишкек. 22.02. 21 informator.kg  Орусиянын өкмөтү Орусиянын ИИМнин сунушу боюнча, Кыргызстанга мыйзамсыз баңги затын жүгүртүүгө каршы жардам катары 2 млн. 213 миң АКШ доллары көлөмүндө каражат бөлөт. Бул тууралуу Орусиянын өкмөтүнүн расмий токтомунан билүүгө болот.

Ал документте Орусия ИИМнин сунушу Орусиянын Каржы жана тышкы иштер министрликтери менен макулдашылганын, бюджеттик каражат КРнын ИИМине мыйзамсыз баңги затын жүргүзүү боюнча иштерге каржылык, материалдык-техникалык жана уюштуруу иштерине жардам көрсөтүү максатында 2021-2022-жылдар аралагында бөлүнөөрү айтылган.

Ага ылайык, быйыл Кыргызстандын ИИМи 3 млн. 481 миңге чукул каражатты алмакчы.