Бишкек. 25.02. 21 informator.kg  Орусиянын айыл чарба министри Дмитрий Патрушев КРнын айыл , суу чарба жана аймактык өнүгүү министри Аскарбек Жаныбековду кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкөнүн министрлери айыл чарба азык-түлүктөрүн соода-сатыкта кеңейтүү боюнча маселелерди талкуулаган. Министрликтин маалымат кызматынын айтымында, орус тарап Кыргызстанга буудай, суу май жана башка таңкыстык жаралып,с уроо-талап жогору болгон айыл чарба продукцияларын жетиштүү көлөмдө жөнөтүп туруу маселеси оң жагынан чечилген.

Ошону менен бирге эле буудай, арпа жана күн караманын мыкты сортторунан үрөөндөр келээри да белгилүү болду. Балык чарбасы боюнча да алгылыктуу сүйлөшүүлөр макулдашылган.