Бишкек 19.04.20 informator. kg  Бүгүн Орусиянын бийлиги 15-июнга чейин чет өлкөлүктөргө миграциялык мыйзам бузуулар үчүн административдик чара колдонбоо тууралуу чечим чыгарган. Бул  боюнча Президент Владимир Путиндин COVID-19 илдетинин жайылуу коркунучуна байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жоктордун укуктарын жөнгө салуу тууралуу 18-апрелде жарыяланган жарлыгында көрсөтүлгөн.

Жарлыкка боюнча, ушул аралыкта патент, виза, миграциялык каттоо жана ишке уруксат берчү башка документтердин мөөнөттөрүнө байланышкан милдеттүү узартуулар 15-марттан 15-июнга чейин убактылуу токтотулду. Башкача айтканда, бул арада мөөнөтү аяктаган документтер жокко чыгарылбайт.

Демек, миграциялык мыйзамдарды бузган чет элдиктерди депортациялоо, миграциялык эреже бузуулар үчүн административдик жаза чегерүү да белгиленген мөөнөт ичинде ишке ашырылбайт. Ошону менен бирге эле мигранттарды ишке кабыл алууда миграциялык документтер талап кылынбайт. Иш ордунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын жумуш берүүчүлөр камсыздашы керек болот.