16-сентябрь 2020/informator.kg-

Орусиялык алып баруучу, шоумен Артур Цветков Ассоль Молдокматованын үстүнөн Москва шаарынын сотторунун бирине доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Цветков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

“Дагы бир жолу мындан бир ай мурун болуп өткөн кырдаалга кайтып келейин. Анда мени менен Кыргыз өлкөсүнүн жараны ортосунда келишпестик орун алган. Бирок түшүнбөстүктөр чечилип, кол алышканбыз. Чырдын тынчтык жолу менен чечилгени кээ бирлерине жакпай калыптыр. Тагыраагы, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова окуяга башкача өнүгүү берүүнү чечти. Ошондуктан кырдаалдын мындан ары тутанып кетишин болтурбоо максатында, биз Москва шаарынын жактоочулар тобу менен биргеликте соттордун бирине доо арыз менен кайрылдык. Аталган келишпестик укуктук талаада чечилет деп үмүттөнөбүз”, – деп билдирүү калтырган Артур Цветков.Мындан тышкары Артур Цветков 21-сентябрда Москва шаардык сотунда Орусия Думасынын депутаттары жана искусство адамдарынын катышуусунда пресс-конференция өткөрүүнү пландап жатканын билдирген.