26-июнь 2020/ informator.kg-

Ош облусунун Өзгөн районунун аймагында 25-июнь күнү, саат 17:28де күчү 2,5 баллга жеткен силкинүү катталды. Сейсмология институту билдиргендей, силкинүүнүн очогу райондогу Кароол айыл аймагынын Шералы айылында болду. Очогундагы күчү 2,5 баллды түздү.Ал эми Нарын облусунда 25-июнда саат 19:49да Ак-Талаа жана Кочкор райондорунда жер титиреди. Силкинүүнүн күчү очогунда 3 баллды түздү.Алдын ала маалыматтарга ылайык, жапа чеккендер жана кыйроолор жок.