21-ноябрь 2020/informator.kg– Кыргыз режиссёру Мирлан Абдыкалыковдун эмгеги беделдүү “Оскар” киносыйлыгына катышат. Тагыраагы, “Жөө күлүк” тасмасы “Оскар” киносыйлыгынын “Эң мыкты чет элдик тасма” номинациясында Кыргыз өлкөсүнүн атынан ат салышарын Кыргыз киноматографисттер департаментинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн Оскар комитетинин 19-ноябрдагы чечими менен “Жөө күлүк” тасмасы аталган сыйлык үчүн ат салышууга көрсөтүлдү. 93-жолу өтө турган “Оскар” сыйлыгынын ээлерин аныктоо, сыйлоо аземи 2021-жылдын 25-апрелинде Лос-Анжелесте өтөт.