12-октябрь 2020/informator.kg-

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын аймагына кайрадан өзгөчө абал режими киргизилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, аталган чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши үч күндүн ичинде борбор калаанын аймагында буга чейин өзгөчө абал режимин киргизүү жөнүндө маселени карабагандыгы менен негизделген. Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында 2020-жылдын 12-октябрынан саат 20.00дөн баштап 2020-жылдын 19-октябрына саат 07.00гө чейин өзгөчө абал режими сакталмакчы.