28-июль 2020/informator.kg-

АКШнын президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О’Брайенге коронавирус жукту. «Bloomberg» агенттигинин маалыматын Ак үй дүйшөмбүдө тастыктады. Маалыматка караганда, О’Брайендин оорусу жеңил өтүүдө, ал үйдөн иштеп жатат.«Associated Press» агенттиги белгилегендей, Трамптын кеңешчиси Ак үйдөгү коронавирус жуккандардын эң жогорку кызматтагы өкүлү. Буга чейин аппараттын айрым кызматкерлери коронавируска чалдыккан. Ак үй президент менен вице-президенттин вирусту жугузуп алуу коркунучу болбогонун билдирди.