15-сентябрь 2020/informator.kg-

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Билим берүү системасын өнүктүрүүнүн учурдагы абалы жана келечеги, аны санариптештирүү боюнча чаралар талкууланды. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 2020-2040-жылдарга карата Билим берүү системасын өнүктүрүү стратегиясынын долбоору иштелип чыккандыгын маалымдады. Аталган долбоор коомдук талкууга коюлуп, учурда Өкмөттүн кароосунда турат. Президент Сооронбай Жээнбеков жакынкы аралыкта салттуу тартипте билим берүү процессин жандандыруу сунушун колдоп, аны баштапкы класстардан этап-этабы менен баштоону сунуштады.