Бишкек. 05.01.2021. informator.kg Кыргызстандын Президенттигине талапкер болгон 17 адам шайлоого үгүттөө иштери башталгандан бери жалпысынан 105 млн. сом коротушту. Бул тууралуу БШКдан кабарлашат.

Андагы маалыматтар боюнча, капчыгы калың талапкерлердин сап башында Садыр жапаров туруп, 62 млн. 49 миң 700 сом жыйнап, анын 57 млн. 531 миң 126 сомун сарптап үлгүргөн.

Каната Исаев — 1 миллион 412 миң сом жыйнап, 1 миллион 348 миң 620 сомун коротсо, Мыктыбек Арстанбек 1 миллион 117 миң сом чогултуп, анын 1 миллион 115 миң 750 сарптаса, Клары Сооронкулованын эсебине — 1 миллион 128 миң 650 сом түшүп, 1 миллион 50 миң 80 сомун үгүткө жумшаган.

Имамидин Ташов 4 миллион 924 миң 600 сомду эсебине жыйнап, кайра 4 миллион 924 миң 600 сомду чыгаша кылса,  Абдил Сегизбаев — 4 миллион 609 миң 910 сом таап, — 4 миллион 546 миң 510 сомун коротуп үлгүрдү.

Адахан Мадумаров болсо 2 миллион 847 миң 100 сом эсебине салып, андан 2 миллион 845 миң 676 сомду үгүт иштерине сарптады. Аймена Касенова 3 миллион 872 миң 805 сом жыйнап, кайра эле анын 3 миллион 758 миң 398 сомун жок кылды.

Улукбека Кочкоров болсо болгону 1 миллион 724 миң 890 сом эсебине салып, анын 1 миллион 634 миң 383 сомун шайлоого сарптады.

Жеңишбек Байгуттиев 2 миллион, 963 миң 867 сом, Эльдара Абакиров 1 миллион 563 миң 636 сом, Курсан Асанов 2 миллион 494 миң 264 сом, Арстанбек Абдылдаев 2 миллион 305 миң 415, Равшан Жеенбеков 3 миллион 143 миң 673 сом коротту.

Бактыбек Калмаматов болсо 1 миллион 410 миң 151 сомду үгүттөөгө жумшаса, Бабыржан Төльбаев 14 миллионо 224 миң 572 сом таап, анын 10 миллион 872 миң 523 сомун шайлоого чыгымдаса, Каныбек Иманалиев — 1 миллион 962 миң 568 сом таап, 1 миллион 962 миң 320 сомун коротуп бүттү.

Жалпысынан алганда баардык талапкерлер 114 млн. 258 миң 464 сом жыйнап, 105 миллион 470 миң 992 сомун коротуп коюшту.