Бишкек. 17.11.20 informator.kg  Бүгүн Президенттикке талапкер Арстан Алай “Акипресс” маалымат агенттигинде маалымат жыйынын өткөрөт. Анда ал дүйнөнү каптаган коронавирустун курмандыктары, жакырчылык, президенттердин бактысыздыгы, саясатчылардын Жаңы Доордун талаптарын билбегени боюнча маалыматтары менен бөлүшөт.

Саат 11:00дө баштала турган бул жыйынды агенттик YouTube каналындагы, AKIpress.press. service дареги аркылуу түз алып көргөзмөкчү.