Кыргыз Республикасынын Москва шаарына барган делегациясынын курамында коронавирус жуктургандар аныкталганына байланыштуу Президенттин аппаратынын бардык кызматкерлери илдетке карата анализ тапшырышты.

Өлкө башчынын басма сөз кызматынын бүгүн, 26-июнда берген маалыматына ылайык, анализдердин жыйынтыгы боюнча Президенттин аппаратынын 8 кызматкеринде — байланышта болгон адамдарда коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталды.

«Бул илдеттин мүнөзүн жана биринчи анализдеги күмөндүү учурларды эске алуу менен бардык кызматкерлер кайрадан анализ тапшырышат, ага жараша жыйынтыктары өзгөрүшү мүмкүн. Ал эми санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, илдет белгилери жок өтүп жатканын эске алуу менен алардын баары үйдө обочолонууда болуп, дарыланышат. Аппараттын көпчүлүк кызматкерлери ишин аралыктан улантууда», – деп айтылат маалыматта.