Бишкек. 22.12.20. informator.kg Бакай-Ата райондук прокуратурасы 2,4га жер аянтын кайтарды. Бул тууралуу Башпрокуратурадан билдиришет.  Анда, Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айыл өкмөтү 2006-жылы мамлекеттин менчигиндеги кайра бөлүштүрүү фондуна тиешелүү 2,4га түзгөн жер участогун айылдын тургунуна мыйзамсыз бергендигин Бакай-Ата райондук прокуратурасы аныкталган.

“Мыйзам бузууну четтетүү максатында райондук прокуратура жерди берүү боюнча кабыл алынган чечимдерди жокко чыгаруу үчүн сотко доо арыз менен кайрылып, соттук кароонун жыйынтыгы менен көрсөтүлгөн 2,4га жер аянты кайрадан мамлекеттин менчигине кайтарылган”,деп жазат прокуратуранын маалымат кызматы