1-сентябрь 2020/informator.kg-

Орусиянын президенти Владимир Путин зарылчылык жарала турган болсо, башаламандыкты басуу үчүн Беларуска укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жөнөтө алабыз деп билдирди. Путиндин айтымында, ага мындай өтүнүч менен Беларусь президенти Александр Лукашенко кайрылган. “Александр Григорьевич менден укук коргоо кызматкерлеринин белгилүү бир резервин түзүп коюушумду өтүндү. Мен аны аткардым”,-деди Путин. “Бирок бул күчтөр кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетмейинче колдонулбай турганын сүйлөштүк”,-деп кошумчалады Орусия президенти. Беларусь оппозициясынын Координациялык кеңеши буга кескин каршы пикирин билдирди. Беларусь аймагында колдонуу максатында Орусиянын же башка өлкөнүн аймагында куралдуу топторду түзүү жол берилгис жана эл аралык укукка каршы келет деп айтылган билдирүүдө. Бейшембиде НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг башка өлкөлөрдүн, анын ичинде Орусияны Беларуста болуп жаткан окуяларга кийлигишпөөгө чакырды.