8-август 2020/informator.kg-Россиянын Президенти Владимир Путин кечээ Кералада Боинг 737 учагынын кыйрашына байланыштуу Индиянын жетекчилигине көңүл айтты. “Урматтуу президент, урматтуу премьер-министр, Кожикоде аэропортунда жүргүнчү учагынын кырсыкка учурашына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам”, – деп жарыяланган телеграммда.. Владимир Путин курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты.