Бишкек. 22.02. 21 informator.kg   Эки күн мурун камакка алынган Райымбек Матраимовдун кан басымы жогорулап, медициналык жардам алууда. Бул тууралуу Кыйноолорго каршы Улуттук борбордун директору Бакыт Рыспеков билдирди.

“Биз УКМКнын тергөө абагындагы баардык кармалган адамдар менен жолугуп, ал-ахыбалынан кабар алдык. Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, баажы кызматынын төрага орун басары Райымбек Матроимовго да кирдик. Р. Матраимов кан басымы жогорулап, УКМКнын дарыгерлери тарабынан медициналык жардам алып жатканын айтты”,-деп билдирет ал.

Эске сала кетсек, Р. Матраимовду Биринчимай райондук соту эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.