Бишкек. 10.11.20 informator.kg  Бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Ошгаз” компаниясынын филиалынын директору, милициянын генералы Тагаев Рашид Бакирович КРнын Президенттигине талапкер болуу арызын тапшырды.

Ал бул кызматты багынтууну каалаган 11-чи кыргызтандык. Ал арада экс-депутат Садык Шер да фейсбук баракчасы аркылуу Президенттикке талапкерлигин көрсөтөөрүн жарыялаган, бирок, БШКга арызын бере элек.

Буга чейин Президенттикке талапкер болуп Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асанов, Бакыт Бакетаев, Канат Исаев, Абдыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев жана Нурлан Мотуевдер катталган эле.