7-август 2020/informator.kg-“Реформа” саясий партиясы парламенттик шайлоого карата катталган ыйгарым укуктуу өкүлүн алмаштырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кабарлады.Мекеменин маалыматына караганда, 6-августтагы отурумда партиянын арызы каралды.Натыйжада буга чейин расмий өкүл катары катталган Жибек Качиеванын ордуна Данияр Сүйүндүк уулу каттоого алынды. Ага партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү экенин тастыктаган күбөлүк тапшырылат.Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жетектеген “Реформа” партиясы негизделгенин жакында жарыялаган. Курамында #RЕакция кыймылынын мүчөлөрү, жарандык активисттер бар.Кыргызстандагы кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрга пландалууда. Шайлоого катышкысы келерин жалпысынан 44 саясий партия билдирген.Мыйзам боюнча, Боршайком алардын документтерин текшерип, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттайт.