Бишкек. 19.08.20. informator.kg Бүгүн “Ала-Тоо” борборунда “Республика” партиясынын курултайы өтүп жатат. Бул тууралуу партиянын катчылыгынан кабарлашты.

Анда белгилүү болгондой, Курултайга аймактардан 77 делегат шайланып келип катышып, күн тартибинде партиянын саясий кеңешинин курамын өзгөртүү, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо алдындагы программаны бекитүү жана талапкерлерди сунуштоо маселелери каралат.

“Учурдагы эпидомологиялык абалга байланыштуу, биз санитардык ченемдерге баш ийип, социалдык аралыкты сактоо менен Курултайды чакан форматта өткөрүп жатабыз. Ошол эле маалда биз Кыргызстандын ичиндеги жана сырттагы 600 миңден ашуун шайлоочуларыбызга ысык салам айтып, тилектештик үчүн ыраазычылык билдиребиз”,-деди Курултайга төрагалык кылуучу ЖКнын депутаты Руслан Казакбаев.

Эске сала кетсек, курултайга Аалы Карашев, Алтынай Өмүрбекова, Алтынбек Жунус уулу, Узарбек Жылкыбаев, Туйгунаалы Абдраимов баштаган саясатчылар катышууда.