Бишкек. 24. 12.20 informator.kg Роман Царев Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамынан чыгарылды. Мындай чечимди Дене тарбия спорт жана жаштар иштери боюнча мамагенттик чыгарган.

Анда КРнын Жүрүм-турум Кодексинин 15 бөлүмүнүн 5-пунктуна ылайык, КРнын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлүгүнөн ажыратылганы, ага дисциплиналык айып жазылганы айтылат.

Эске сала кетсек, Роман Царев өткөн жылы 72 кг. салмакта грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону болгон соң улуттук командага мүчө болгон. Ал эки күн мурун ИИМ тарабынан кыылмыш ишине айыпталып камакка алынган.