Бишкек. 20.02. 21. Informator.kg  Тышкы иштер министрибиз Руслан Казакбаевдин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Москвага боло турган биринчи расмий сапарынынын алдында журналисттер менен маек курду. Анда министр көп актуалдуу суроолорго ачык жооп кылды. Төмөндө маек толугу менен…

-Эксперттер стратегиялык туура кадам деп аташууда, анткени, Россия Федерациясы Кыргызстандын бирден бир негизги өнөктөшү жана союздашы болуп саналат. Сиздер эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн негизги темасын атай аласыздарбы, биринчи кезекте, официалдуу Бишкек үчүн кайсы багыт маанилүү?

-Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун чет өлкөгө болгон биринчи визитин Россиядан башташынын маанилүүлүгү жөнүндөгү эксперттердин пикирин толугу менен колдойм. Муну жалпыбыз толук түшүнүп турабыз.

Россия – биздин ишенимдүү союздаш жана стратегиялык өнөктөш! Кыргызстан менен Россияны бир чоң мамлекеттин курамындагы жалпы тарых бириктирип турат. Кыргызстандыктар россия элинин жалпы тарыхый мурастарына жана салтына урматы жана ынтызар мамиле жасашат. Көптөгөн тагдырлаш сынактардан бирге өттүк.

Биз, достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда өз ара пайдалуу кызматташууларыбызды мындан ары тереңдетүү үчүн бекем негиз болуп кызмат кылган ата-бабаларыбыздын маданий-рухий баалуулуктарын сактап кала алдык.

Салт боюнча, биз, Россия Федерациясын эл аралык саясат, коопсуздук, экономикалык жана маданий өнүгүү маселелери боюнча өзүбүздүн башкы өнөктөшүбүз катары тааныйбыз. Эл аралык уюмдардын жана региондук интеграциялык бирикмелердин алкагында бирдей көз караштабыз. Ага КМШ, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ дегендер далил.

Эгемендүүлүк мезгилинин аралыгында бул багыт Кыргыз Республикасынын тышкы саясий артыкчылыктарында өзгөрүүсүз бойдон келатат. Буга тарых күбө жана калыс.

Кыргызстан Россия Федерациясы тарабынан көрсөтүлүп жаткан гуманитардык жана ар тараптуу техникалык жардамдарга жана колдоолорго, айрыкча биздин өлкөдөгү 2020-жылдын 5-10-октябрындагы шайлоодон кийинки саясий кризисти жөнгө салууга көрсөткөн көмөгүн жогору баалайт. Россия тарап ошол татаал транзиттик мезгилде биздин өлкөгө өзгөчө көңүл бурду.

Орус тилинин статусу өлкөнүн Конституциясында жана мыйзамдарында расмий бекиген. Мурдагы Советтер Союзунун өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан жалгыз өлкө экенин өзүнчө белгилегим келет. Кыргызстанда орус тили – расмий тил жана турмуштун бардык чөйрөлөрүндө колдонулат: медия чөйрөсүндө, билим берүү, саламаттык сактоо, маданий турмуш тутумдарында. Биздин өлкөдө орус тилдүү калк өздөрүнүн руханий, социалдык, маданий жана илимий талаптарын толук өлчөмдө канааттандыруусу үчүн бардык шарт бар экенин айта кетпесем болбойт.

Кыргыздар үчүн өткөн кылымдын башында ушул орус тили гана дүйнөлүк адабиятты жана илимди таанып-билүүнүн негизги куралы эле: Муну четке кача албайбыз. Ал биз үчүн өтө маанилүү. Андыктан Кыргызстан менен Россия мындан ары да бир тил мейкиндигинде алакасын улантат.

Ушул алдыдагы кыргыз-орус сүйлөшүүсүнүн күн тартибинин биринчи планына саясий, соода-экономикалык, инвестицииялык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, коопсуздук жаатындагы өз ара аракеттердин актуалдуу маселелери, ошондорй эле көп тараптуу кызматташтык маселелер киргизилди.

Биз болгон келишимдерге инвентаризация жүргүзүүгө жана кызматташуунун көрсөтүлгөн алкагында мындан аркы стратегиялык багыттарын аныктоого милдеттүүбүз…

Ырас, сүйлөшүүнүн өзүнчө темасы, эки тарап тең бекемдөөгө жана байытууга гана кызыкдар болгон биздин маданий-гуманитардык байланышыбыз, ошондой эле миграциялык өз ара аракеттенүү маселелери болот.

Биздин делегациянын мүчөлөрү көтөрүүгө ниет кылган негизги маселелер бар:

 Ал ЕТϴФ багыты боюнча гранттык жардамдар;

Кредиттик каражаттар;

ЕАЭБ алкагында техникалык жардамдарды берүү;

COVID-19 пандемиясынын жайылышы менен күрөшүү боюнча өз ара аракеттерди тереңдетүү;

Жаратылыш газына тарифти төмөндөтүү;

Улуттук валюталар менен өз ара эсептешүүгө өтүү;

Гидроэнергетикалык долбоорлорду куруу боюнча долбоорлорду жаңыртуу;

Кыргыз Республикасынын аймагында темир жол тармагын этап-этабы менен өнүктүрүү долбоорлорун мындан ары алдыга жылдыруу маселелесин талкуулоо да бар.

Андан тышкары, биз тараптан өнөр жай кооперацияларын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү ишканаларды жана соода-логистикалык борборлорду куруу жолу менен аларды активдештирүү, алдыда боло турган сүйлөшүүнүн жүрүшүндө регулярдуу авиа- жана темир жол каттамдарды толук кандуу жаңылоо жана бир катар башка маселелер да көтөрүлмөкчү.

Эл аралык келишимдердин ратификацияланганына жана олуттуу сүйлөшүү процесстерине карабастан, энергетика жаатындагы айрым долбоорлор Россия тараптан финансы жагынан коштолгон эмес, ошондон улам алар токтотулган. Алдыда боло турган визиттин алкагында биз бул долбоорлор боюнча иштердин жаңыланышын талкууга коюуга ниет бар.

Биз ар кайсы өлкөлөрдөн, анын ичинде Россиядан регулярдуу түрдө жардам сурап келебиз. Президент Садыр Жапаров бул жолу да салтты бузбай сураганы турса, кайсы муктаждыкка жумшалат?

-Ачык сурооңуз үчүн рахмат! Биздин өлкөдөгү туруксуз саясий кырдаалдар, реалдуу, радикалдуу реформалардын жоктугу, жашоонун жана мамлекетти башкаруу тутумунун бардык чөйрөлөрүнө коррупциянын жана криминалитеттин чырмалышы бизге социалдык-экономикалык өнүгүүдө тез сапаттуу секирик жасоого мүмкүндүк бербей жатат.

Бүгүн бул факторлор өзүбүздүн өнүгүшүбүздү камсыз кылуу үчүн эл аралык жардамдарга таянууга бизди аргасыз кылууда. Бирок, ачык айтуубуз керек, биз дүйнөлүк коомдоштор алдында түбөлүк жанбактылар болуудан тез арада кайтышыбыз керек! Бул бизге аброй алып келбейт! Кыргызстандын ар бир жараны биздин өнүгүүбүз, бакубат жашообуз өзүбүздүн колубузда экенин билүү бүгүнкү күндүн зарылдыгы. Талыкпаган ак ниет эмгегибиз менен гана, маңдай терибиз, өз күчүбүз менен гана биз Кыргызстанды көтөрө алабыз. Биздин өлкөдө болгон ар бир бийлик бутагын ишкерлерибиздин укуктарын жана бизнестин, инвестициялардын кызыкчылыкдарын коргоого тийиш экенинен баштабасак болбойт. Биз аларга эркиндикти, чакан жана орто бизнес үчүн биздин мыйзамдарды максималдуу тез арада либералдаштырып берүүгө тийишпиз. Белгилүү болгондой, саясаттын туусун экономика көтөрөт, – биз муну унутпайлы.

Андыктан, бүгүн өлкөнүн жаңы жетекчилиги кардиналдуу реформаларга барууга баш байлаган учур, аны өткөрүү үчүн биз эл аралык колдоолорго муктажбыз. Башка жол жок.

Биз, өз өнөктөштөрүбүзгө, алардан мурда биздин эгемендик биринчи күнүбүздөн тартып, практикалык көп форматтуу көмөк көрсөткөндүгү үчүн биздин союздаш жана жакын дос катары Россияга ыраазыбыз. Маселен, жакында россия тараптан салыкты башкаруу тутумун өнүктүрүү жана идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркалоо тутумун түзүү максатында Кыргыз Республикасына кайтарымсыз техникалык жардамдарды бөлүү жөнүндө оң чечим кабыл алынды.

Ошондой эле күн тартибинде Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду тарабынан жеңилдетилген кредит түрүндө Кыргызстанга 100 млн. АКШ доллар өлчөмүндө кредиттик каражат берүү маселеси турат. Бул Фонддун каражаттарынан каржылоо экономиканы, социалдык секторду колдоо жана финансылык менен макроэкономикалык туруктуулук үчүн тобокелчиликтерди көбөйтпөө боюнча антикризистик чараларды жүзөгө ашырууга шарт түзөт.

Мурда жетишилген келишүүлөргө ылайык, Россия тараптан ар жылдык гранттык жардамдар бөлүнүп турат, ал биз тараптан социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу жана экономиканы турукташтыруу үчүн пайдаланылат. Финансылык, техникалык, эксперттик колдоолорду көрсөтүү жөнүндө ар түрдүү ведомстволор ортосунда келишүүлөр бар.

Бардык бул жардамдар биз үчүн абдан маанилүү. Өлкөдө реформаны баштоо үчүн эң негизги туруктуулук, болууга тийиш экенин жалпы эл түшүнгөнү маанилүү.

– Ыш көйгөйү өлкө жашоочуларын ойго салып келет. Кырдаал жыл өткөн сайын коркунучтуу болууда. Сүйлөшүүдө биздин өлкө үчүн Газпром белгилеген газдын баасын төмөндөтүү жөнүндө маселе талкууланабы? Кыргызстан үчүн көк отундун кубометринин наркы бардык ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинде эң жогору экени жалпыга белгилүү.

– Энергоресурстарга болгон дүйнөлүк баанын төмөндөшүнүн ачык билдирилген динамикасын эсепке алуу менен, жаратылыш газына тарифти төмөндөтүү маселеси кыргыз-орус сүйлөшүүсүнүн бирден бир башкы темасы болот. Биз, ошондой эле доллардын ордуна улуттук валюта менен эсептешүүгө өтүү мүмкүндүгүн талкуулоону сунуш кылууга аракет бар.

Кыргыз тарап Россиянын тараптын алдына бул маселени бир нече жолу көтөргөн, 2020-жылдагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги жолугушуунун жүрүшүндө, анын ичинде өткөн жылдын 23-октябрында Москвада РФнын тышкы иштер министри С.Лавров менен менин жолугушуумдун жүрүшүндө. Андан тышкары сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн компетенттүү ведомстволорунун деңгээлинде жүргүзүлөт. Бул маселе бүгүнкү убакка чейин ачык бойдон калууда жана бул багытта сүйлөшүүлөрдү улантуу зарыл.

Үсүбүздөгү жылдын кышы борбордогу экологиялык көйгөйдү жаратты. Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн азыркы убакта Бишкек ш. БЖС ишин көк отунга өткөрүү маселеси иликтенүүдө. Ушуга байланыштуу борбордогу БЖСти биргелешип реабилитациялоо жана аны жаратылыш газына өткөрүү мүмкүндүгүн кароо Газпром  компаниясынын тобуна сунушталууда.

-КМШ ичинде Кыргызстан коронавирустук инфекциядан вакцинациялоо алигиче баштала элек жалгыз өлкө бойдон калганы чындык. Биздин чиновниктер кыргызстандыктарды вакцинациялоону пландаган тигил же бул вакцина жөнүндө мезгил-мезгили менен билдирип келет. Россия биринчилерден болуп «Спутник V» вакцинасын сунуштаган. Сүйлөшүү канчалык жылды, аны алып келүүнү тездетүүгө эмне тоскоолдук кылууда? КРга вакциналарды жеткирүү үчүн кандайдыр бир өзгөчө шарттар барбы, эгерде болсо, алар кайсылар?

– Кыргызстан клиникалык сыноодон ийгиликтүү өткөн жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө катталган орустун «Спутник-V» вакцинасын алууга кызыкдар. Россия илими дагы бир жолу өзүнүн лидерлик позициясын илимий чөйрөдө көрсөттү, өз потенциалын бүтүндөй дүйнөгө даңазалады. Орус өндүрүүчүлөрүнүн продуктуларын кыргызстандыктар ишенимдүү пайдаланып жаткандыгы Кыргызстанда салттуу көрүнүш экенин өзгөчө белгилегим келет. Бул маанилүү, анан калса, адам саламаттыгы жана өмүрү жөнүндө сөз болуп жатканда.

            Кыргызстанга вакцинаны берүү маселеси өткөн жылдын декабрында саламаттык сактоо чөйрөсүндө Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын деңгээлинде талкууланган. Ар кандай деңгээлдерде кеңешмелер (консультациялар) болду. Бул жылдын январында КРнын Президентинин м.а., Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Мамытовдун атынан Россиянын Президенти В.Путиндин дарегине Кыргызстандын муктаждыгы үчүн COVID-19га 500 000 доза вакцинасын бөлүүгө карата кат жөнөтүлгөн болчу.

            Азыркы убакта Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «Спутник-V» жана «ЭпиВакКорона» орус вакциналарын сертификациялоо боюнча иштер жүрүүдө. Бу жолжоболор аяктагандан кийин биздин компетенттүү ведомстволор вакциналарды берүүнү уюштурууга, анын ичинде транспортировкалоого жана сактоого байланышкан маселелерди мындан ары иштеп чыгууну улантышат.

Андан сырткары, жооптуу мамлекеттик органдар тарабынан COVID-19га каршы вакциналарды өндүрүү боюнча орус тажрыйбасын окуп-үйрөнүү үчүн Россияга биздин адистерди жөнөтүү маселеси да каралууда.

– КРнын өкмөтүндө биологиялык лабораторияларды түзүү жана ачуу зарылдыгы жөнүндө маселени талкуулоого кайрадан кайрылды. Бул долбоордо тарапташтар жана каршылаштар бар. Бул маселе Москвада талкууланабы?

– ЕАЭБ өлкөлөрү дайыма жаңы көрүнүштөр менен бетме-бет калып келет. 2020-жылы коронавирус пандемиясы биздин региондун өлкөлөрүнүн ар бир жаранынын гана эмес ошондой эле ашык-кеми жок биздин планетанын ар бир жашоочусунун өмүрүнүн практикалык бардык аспектисин кардиналдуу өзгөрттү. Андыктан, бүгүнкү күндө дүйнөнүн бардык өлкөлөрү биокоопсуздукту алдыңкы орунга койгондуктары толук түшүнүктүү. Бардыгы бир эле убакта бул маселе, анын ичинде COVID-19 вирусунун жасалма же табигий чыгышы жөнүндө кайра-кайра үн салууда. Биокоопсуздук темасы ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн да чоң актуалдуулукка ээ. Маселе ЖККУ жана ШКУ форматында 2020-жылдын декабрында эле көтөрүлгөн.

Мурдагы СССРдин айрым өлкөлөрүнүн аймагында чет өлкөлүк биолабораториялар иштеп калганы маалым. Ал өлкөлөрдө чыккан эпидемия тутанууларын көп учурда так ошол лабораториялардын болушуна байланыштырышат. Айрым биолабораториялар окумуштуулар тарабынан гана эмес, ошондой эле аскер биологдору тарабынан да пайдаланылып жаткандыгы жана аларда ар түрдүү штаммдарды жана өтө кооптуу инфекциялык ооруларды алгандары жана тестирлегендери жөнүндө пикирлер бар. Бул кылдат иликтениш керек.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталгандан тартып, окумуштуулар тобу жана коомдук ишмерлер да биздин өлкөдө 3-деңгээлдеги биолаборатория куруу боюнча батыш өнөктөштөр менен ишти активдештирүү максатка ылайыктуу экени тууралуу маселени кайрадан көтөрө башташты.

Бирок, Кыргызстандагы коомчулуктун, илимпоздордун жана кыргызинтеллигенциясынын арасында  мунун максатка ылайыктуу экенине жана, эң башкысы, мындай объекттерди куруунун коопсуздугуна чоң күмөн бар. Атап айтканда, алар тарабынан тигил же бул эпидемиянын «чыгып кетүү» жана жайылып кетүү коркунучу, ошондой эле биолабораториянын аркасында айрым өлкөлөрдүн аскерлери же геосаясий кызыкчылыкдардын болбой коюшуна кепилдик жок сыяктуу жүйөлөр келтирилип жатат.   

Эгерде мындай жүйөлөр негиздүү болсо, анда Кыргызстанда ушундай биолабораториянын пайда болушу толугу менен өлкө жана борборазия региону үчүн опурталдуу кесепеттерди алып келери шексиз. Анын себептери көп: биздин өлкөдөгү туруксуз ички саясий кырдаал, оор экономикалык абал, бардык деңгээлдерде адистерди даярдоонун төмөнкү деңгээли сыяктуу…

Эпидемиянын чек арасы жок экенине биз барыбыз 2020-жылы ынандык. Ушуну эске алуу менен, Кыргызстанда биолабораториянын пайда болуу мүмкүндүгүнө биздин жакынкы кошуналарыбыз да өтө этият мамиле жасашууда. Бул маселе Кыргызстан сыяктуу, айрымдар үчүн да улуттук коопсуздук маселе. Биз аны түшүнөбүз.

2018-жылдан тартып, Россия тарап аймагында биолаборатория жайгашкан КМШ өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. Бүгүнкү күндө евразия мейкиндигинде биокоопсуздукту камсыз кылуу бир кыйла кеңири региондук туташтарда, анын ичинде ЖККУ үчүн да артыкчылыктуу маселе. Бул, сөзсүз дагы кезектеги ШКУнун саммитинин күн тартибине киргизилет деп ойлойм. «Россия-Борбор Азия» жаңы мамлекеттер аралык диалог форматынын алкагында бул маселе бирден бир негизгилерден болмокчу.  

ϴз кезегинде Кыргызстан постсоветтик мейкиндикте биокоопсуздукту камсыз кылуу боюнча Россиянын демилгесин колдоп жүрөт. Биз, өзүбүздүн союздаштар менен бирге ЕАЭБга, ЖККУга, ШКУга кирген бардык өлкөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоого жана зарыл практикалык чараларды көрүүгө милдеттүүбүз.

Кыргызстандагы биолабораториялар жөнүндө конкреттүү маселе Москвага боло турган визитти күн тартибинде турбаса да, анын жогорку актуалдуу экенин эске алуу менен, биологиялык коопсуздук жөнүндөгү маселе күн тартипте болбойт деп айта албайм, деген менен, биздин мамлекеттердин лидерлеринин ортосунда тигил же бул контекстте бул маселе талкууга алынат.

Жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жолугушуунун күн тартибинде биздин өлкөлөр ортосундагы чек араны ачуу жөнүндө маселе барбы?

– Сиздер, мүмкүн чек аранын жабылышынан, Россия Федерациясына барууну ниет кылган биздин жарандардын дуушар болуп жаткан кыйынчылыктарынан улам айтып жатасыздар… Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы авиакаттамдарды толук кандуу жаңылоо бир катар айларга созулушу россия тарап менен эки тараптуу сүйлөшүүнүн күн тартибинин бирден бир негизги маселеси болуп саналат. Бул визиттин жүрүшүндө бул маселе калетсиз талкууга алынат.  Ишенип коюңуздар.

Россия тарап менен келишүүлөргө жетүүнүн жүрүшүндө 8-февралдан тартып, КР менен РФнын ортосунда регулярдуу авиарейсттердин саны көбөйдү, ал КРда эпидемиологиялык кырдаалдын турукташынан улам, ошондой эле коронавирустук инфекциянын жаңы штаммын алып келүүгө жана анын жайылышына жол бербөөгө багытталган алдын алуу чараларын күчөтүүдөн, анын ичинде республикага келүүчү бардык жүргүнчүлөр, аны менен катар КР жарандары үчүн оорунун (COVID-19га ПЦР-тесттин терс натыйжасы) жоктугу жөнүндө маалымкаттын болушу тууралуу милдеттүү талаптарды киргизүүдөн улам мүмкүн болду.

Кыргыз тарап, биздин өлкөлөр ортосундагы толук кандуу эки тараптуу кызматташуу, ошондой эле ЕАЭБнын алкагындагы экономикалык интеграция биздин жарандардын эркин кыймылысыз мүмкүн эмес деп эсептейт. Ушуга байланыштуу биз алгач КР менен РФнын шаарларынын ортосундагы авиарейстердин санын мүмкүн болушунча тез арада мурунку, жумасына 100 рейстен ашыкты, түзгөн деңгээлге көтөрүү керек деп эсептейбиз.

– Мурда Россияда иштөөгө жана Кыргызстандагы өз үй-бүлөсүн багууга мүмкүндүгү бар биздин он миңдеген мекендештер ишсиз калышты. Аны менен бирге эмгек мигранттарын иштөөгө – ар түрдүү тармактардын бары тең жумушчу күчүнө муктаж болгон жерге келиши үчүн шарттарды түзүү зарылдыгы бир дагы жолу Кремлде белгиленген жок. КР жарандарына жардам берүү үчүн бул маселе талкууланабы?

– Бардык өлкөлөрдөгү биздин мекендештердин укуктарын жана кызыкчылыкдарын коргоо биз үчүн эң бир маанилүү маселе.

Россияга биздин жарандарыбыздын келишине чектөө 2020-жылдын октябрында алынган болчу. Бирок проблема дагы да болсо толук чечилген эмес жана өлкөлөр ортосундагы авиарейстер аз санда. Жер үстүндөгү орус чек арасындагы, ошондой эле транзиттик өлкөлөрдүн аймактарындагы өткөрмө пункттар жабык режимде.

            Россиядагы биздин эмгекчил жарандарыбыздын жумушка орношуу проблемаларын чечүү толугу менен, мамлекеттер ортосундагы толук кандуу транспорттук каттамдарды жаңылоодон көз каранды. Бул маселе артыкчылыктуу болуп саналат жана эки тараптуу жана көп тараптуудай бардык деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн күн тартибине киргизилет. Биз евразия мейкиндигиндеги экономикалык интеграция жумушчу күчтүн эркин кыймылысыз мүмкүн эмес деген позицияны бекем карманабыз.

            Азыркы убакта ГКИТС менен бирдикте Саламаттык сактоо министрлиги «COVID-19суз саякат жаса» деген программага өлкөлөрдү кошуунун техникалык камсыздалышы боюнча иштерди жүргүзүп жатат, ал биздин жарандардын ЕАЭБнын өлкөлөрүнө чыгууларын камсыз кылууга мүмкүндүк түзөт, ошондой эле регулярдуу авиарейстердин санын көбөйтөт жана ага жараша авиабилеттерге болгон баалар төмөндөйт.

Мен, биздин өлкөнүн экономикасына кошкон эмгек миграциясынын чоң салымын өзүнчө белгилегим келет.

Визиттин алкагында биз миграциялык өз ара аракеттер чөйрөсүндөгү маселелерди, анын ичинде милдеттүү медициналык камсыздандырууну тариздөө боюнча проблемаларды чечүүнү, «кара тизме» деп аталгандан Кыргызстандын жарандарын чыгаруу жана Россияда миграциялык эсеп-каттоого коюуну сөзсүз түрдө талкуулайбыз.

Чет өлкөлөрдө биздин жарандардын укуктук жана социалдык абалдарын жакшыртууга умтулуу Кыргызстандын ЕАЭБга кошулуусунун бирден бир башкы жүйөсү болгон. Эмгек миграциясынын маселесине кыргыз тарап КРдан келген эмгек мигранттарынын эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу шарттарын жакшыртуу жана аларды социалдык жактан коргоо максатында кызматташууну алдыга жылдырууга жана өнүктүрүүгө, ошондой эле евразия интеграциясынын алкагында жетишилген бардык ченемдик-укуктук келишүүлөрдү ишке ашырууга кызыкдар.

– Сиз ТИМдин башчысы катары бул сүйлөшүүдөн эмнени күтөсүз?

– Эң алды, биз, бардык деңгээлдерде түздөн-түз байланыштарды белгилөөнү;

Ишенич жана өз ара түшүнүү пейилинде (атмосферада) стратегиялык өнөктөштүк духунда бардык болгон күн тартибиндеги маселелерди чечүүнү беттеп турабыз.

Азыркы убакта биздин өлкөнүн алдында бардык иштебеген механизмдерди натыйжалуу пайдалануу, болгон потенциалдарды бир кыйла толук ачуу жана ишке ашыруу турат.

Эгерде, тактап айтсам, анда визиттин алкагында биз өлкөбүздө кардиналдык реформаларды жүргүзүү, нефте-газ продукцияларына тарифтерди төмөндөтүү, Кыргыз Республикасынын орус вакциналарын алуу, гидроэнергетикалык курулуштарды куруу боюнча долбоорлорду жаңыртуу, ЕТϴФ багыты жана башка жардамдар боюнча кредиттик каражаттарды бөлүү маселесин алдыга жылдыруу, үзгүлтүксүз авиакаттамдарды толук кандуу калыбына келтирүү, өнөр жай кооперацияларын жана региондор аралык өз ара аракеттерди илгерилетүү маселелеринде россия тараптан колдоолорго ишеним артабыз.

 Бул алдыдагы сүйлөшүүлөр биздин мамлекеттердин ортосундагы союздаштык, өнөктөштүк, бир туугандык мамилелер ачык  диалогдо өтөрүнө толук ишенич артам. Эки жана көп тараптуу форматтарда кызыкчылыктарды жана бири биринин демилгелерин өз ара колдоого алат деп эсептейм.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун чет өлкөгө болгон биринчи визити Россия Федерациясынан башталышы,  эки өлкө ортосундагы союздаштык жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө дем берүүчү кошумча фактор болуп калары анык. Анткени,  эки тараптуу кызматташуунун бардык комплексинин чечкиндүү өнүгүшүнө жаңы импульс берерине терең ишеним артат.

Маегиңизге терең ыраазычылык!