18-ноябрь 2020/informator.kg- Кечээ, 17-ноябрь күнү кечинде Кыргыз Республикасынын конституциясынын түзөтүү маалыматтары боюнча мурдагы депутат Садык Шер-Нияз өз пикирин билдирди. Бул тууралуу Ибраим Нуракун уулу социалдык баракчасынан түз эфир аркылуу чагылдырды.

“Бул бизге сунушталып жаткан негизги мыйзам болгондуктан менин оюмча , ар бир жаран карап чыкты деп ойлойм. Мага ушундай таасир калтырды, менин оюмча ушул депутаттар эмнеге кол коюп жаткандыгын өздөрү билбей калдыбы деген суроо жаралды. Анан  көптөгөн депутаттарга конституциянын долбоорун бербей эле, кол кой деп сураныч түшүп жаткан деген сөзгө мына эми так ишендим”, – деп билдирди ал.