13-октябрь 2020/informator.kg- Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз депутаттык мандатып тапшыруу чечимине келгени, ордун саясатчы Өмүрбек Текебаевге бошотуп берип жатканы тууралуу маалымат тарагандан бери маданият тууралуу Жогорку Кеңеште ким айтат деп кейигендер көп. Бирок депутат сөзүнө туруп, мандатып тапшырганы бара жатканы тууралуу видео кайрылуу жасады. Ошондой эле депутат болуп эмне утуп, эмнеден утулганы тууралуу айтып берди. Жогорку кеңеште өзүнө жакшы досторду тапканын белгиледи. Мындан кийин саясатка башка жол менен келээрин ачык айтып, ордун Ө.Текебаевге бошотуп берип жатканын билдирди.