Бишкек. 13.12. 20. Informator.kg 

№1.

Биздин саясий көз караштарыбыз ар кандай, бирок максатыбыз бир: Кыргызстандын жаркын келечегин камсыз кылуу. Баарыбыз үчүн биздин мамлекеттин жана элибиздин тагдыры баарынан кымбат болууга тийиш. Эң маанилүүсү – өлкөбүздөгү тынчтык, элдин биримдиги жана коомубуздагы коопсуздук.

(С. Жапаровдун сүйлөгөн сөзүнөн 14.11.2020)

Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо алдындагы “Келечекке кызмат” платформасында анын Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча негизги жана пайдубалдуу сунуштары айтылган. Бул процесстер реалдуу натыйжа бере башташы үчүн эмитен конкреттүү кадамдар жасала баштаганын белгилей кетүүгө арзыйт. 

Келечекке кызмат бүгүндөн башталат!

Кыргызстанда конституциялык реформа жүргүзүү зарылдыгы партиялык система өлкөгө саясий ыйкы-тыйкылыктан башка эч нерсе алып келбегенинен улам келип чыккан. Депутаттар талашып-тартышып, өкмөттөгү жана парламенттеги орундарды бөлүштүрүүү менен гана алектенип жатышканда өлкө өнүккөн жок, тышкы күчтөр болсо биздин экономиканы карыздын сазына ого бетер батырып келишти. Саясатчылар телеэкрандан түшпөй калжаңдашып жатканда, элдин ырыскысын жеген кызыл кулактар өзүлөрүнүн элге каршы каршы мыйзамдарын түртүп өткөрүп келишти.

“Дал ушундан улам мен: депутаттардын жамааттык жоопкерсиздиги Кыргызстанды талкалоодо деп билдирем”, – деди Садыр Жапаров.

Конституциянын жаңы редакциясы коомчулуктун кеңири катышуусу менен Контиуциялык кеңешменин ишинин алкагында дагы талкууланат жана жакшыртылат.

“Мен 2021-жылдын 10-январындагы Президентти шайлоо күнү мамлекеттик түзүлүш формасы боюнча: президенттикпи же парламенттикпи деген бир гана суроо боюнча референдум өткөрүүнү сунуштайм.  Андан кийин бүткүл элдин кызыкчылыгына жооп берген, мамлекеттик түзүлүштүн так формасы көрсөтүлгөн Конституциянын долбоорун жалпы элдик талкууга алып чыгуу керек”, – деген сунушун айтты С.Жапаров.

Садыр Жапаров президенттин жоопкерчилиги менен кошо анын ыйгарым укуктарын да күчөтүүнү сунуштайт.

“Мамлекет башчысы мамлекеттин толук кандуу иштеши үчүн – тышкы саясаттан тартып ички чарбалык ишмердүүлүккө чейинки ишине жооп берет. Эми Президент жеке өзү жооп берет” – деп белгиледи ал. 

Шайлоо жаатында сунушталып жаткан өзгөртүүлөр – депутаттардын үчтөн биринен кем эмес бөлүгү мажоритардык система боюнча, калгандары партиялык тизме боюнча шайланат. Эл дайыма конкреттүү адамдарды көрсөтөт, ошондуктан мейли, парламентте мына ошол адамдар отурсун, партиялар болсо квота боюнча өкүлчүлүктү камсыз кылышсын. 

Аткаруучу: « informator.kg» ; дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.,    Кулатов к. 8. Буюртмачы: Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.Нускасы:1. 2020-жылдын 23-декабрьда даярдалды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна тарабынан төлөндү (күб. № 35, 16.11.2020-ж).