4-июнь 2020/informator.kg-

Бишкекте беш айдоочуга санитардык нормаларды сактабагандыгы үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, санитардык патрулдун инспекторлору 88 коомдук унаа текшеришти. “Айдоочулар маска режимин,аралыкты сакташкан жок, салондорго санитардык тазалагычтар орнотулган эмес, ыплас”, – деп билдирди мэрия.Кылмыш кодексинин 150-беренесине ылайык, “техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык нормалардын жана башка саламаттыкты сактоо жаатындагы башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу” боюнча айдоочулардын укуктарын бузгандыгы үчүн протокол түзүлгөн. Алардын ар бирине миң сомдон штраф салынат.