16-ноябрь 2020/informator.kg- Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун дайынсыз болуп жатканына бир айдан ашык убакыт өттү. Ал 6-октябрга караган түнү митинг болгондо  абактан чыккан. “Үй-бүлөлүк себептерден улам жети күнгө” деген жазуу менен бошотулган. Сапар Исаков Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына 13-октябрда келиши керек болчу. Бирок анын бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз болуп, изделип жатканын ЖАМКдан билдиришти