Бишкек. 05.01.2021. informator.kg УКМКнын мурдагы орун басар төрагасы, эл ичинде “Сары Боке” каймана аты бар Болот Сүйүмбаевге УКМК тарабынан издөө жарыяланды. Бул тууралуу башкы коопсуздук органынан кабарлашат.

Андагы маалыматтар боюнча, Б. Сүйүмбаевге экономикалык аткезчилик жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренеси менен кылмыш иши ачылган.

“Жогоруда айтылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мурунку орун басар Б.Суюмбаевдин бул кылмышка тиешеси бар же жок экендиги боюнча бир нече жолу суракка жана башка тергөө иш-аракеттерине чакырылган туралуу танылгыс далилдер алынды.

Б.Суюмбаевдин сурака келбей жаткандыгына байланыштуу, КР УКМК тергөө органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 223-берененсининт 2-бөлүмү (экономикалык кантарбанда) боюнча кылмышка шектүү деген билдирүү берилип, ага издөө жарыяланган.

Б.Т.Суюмбаевдин жүргөн жерин көргөн же билген адамдар УКМК нөөмөт кызматына 0312 66-04-75 же 102 (КР ИИМ нөөмөт бөлүмү) телефон аркылуу кабар берсеңиздер болот. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет”,-деп айтылат маалыматта.