23-сентябрь 2020/iinformator.kg

Сауд Арабия мусулман дүйнөсүнүн ыйык жайларына зыяратчыларды кабыл алууну кайрадан улантат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарында жазылды. Маалыматка ылайык, Сауд Арабия бийлиги 4-октябрдан баштап ажылык зыяратты акырындык менен калыбына келтирип баштайт. Биринчи этапта зыяратчылардын күнүмдүк саны 6 миң адамга (анын ичинде Сауд Арабиясы жана чет өлкөлүк жарандар кирет) чейин чектөө болмокчу.”1-ноябрдан баштап зыяратчылардын санын 20 миңге чейин (анын ичинде чет өлкөлүк жарандар бар) көбөйтүү пландалууда”, – деп жазылат маалыматта.