29-июль 2020/informator.kg-

29-июлда Мекке шаарында мусулмандардын ажылык зыяраты башталды. Быйыл пандемияга байланыштуу чет элдик зыяратчыларга ага катышууга уруксат берилген жок.Мындай чектөө Сауд Арабиясынын тарыхында биринчи жолу киргизилди.Адатта 180дей мамлекеттен эки миллиондой адам беш күнгө созула турган ажылык жөрөлгөлөрүн аткарыш үчүн келчү.Быйыл падышалыктын аймагында гана жашаган, жашы 65тен ашпаган, өнөкөт оорулары жок мусулмандар зыярат кыла алышат. Алардын саны миңден он миңге чейин болору кабарланууда.Мекке шаарына башка аймактардан келгендердин дене табы текшерилип, жүктөрү толук дезинфекцияланууда.