6-июль 2020/informator.kg-

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы Жанара Турдакунова коронавирус илдетинен каза болду. Бул маалыматты «Бир Бол» саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов «Азаттыкка» тастыктады:«Коронавируска чалдыгып, бир нече күндөн бери ооруканада эле. Абалы оор деп жаткан. Бүгүн үзүлүптүр».Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин депутаттыгынан кеткенден кийин «Ата Мекен» партиясынан чыгып, «Бир Бол» партиясына кирген. Учурда партиянын республикалык шайлоо штабын жетектейт.