Бишкек. 17.12.20 informator.kg  Сербиянын борбору Белградда өтүп жаткан Дүйнө кубогунда кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова алтын байгени багынттыю Ал 68 килограмм салмакта финалга жетип, атаандашы чехиялык Аделя Ганзличкованы 8:2. эсебинде жеңип алды.

Анын менен катар эле Айпери Медет кызы 76 килограмм салмак ченинде финалга жетип, акыркы атаандашы орусиялык Екатерина Букина менен кармашта 11:8де жеңип, Кыргызстанга коло медаль менен кайтты.

Буга чейин Айсулуу Тыныбекова менен Жоломан Шаршенбековдор Алтын медаль утуп, Дүйнө чемпиону болушкан.

Эске сала кетсек, быйылкы пандемиянын айынан Олимпиада артка жылып, UWW Сербияда толук кандуу дүйнө чемпионатын өткөрүүнү чечкен.