Коом Сергей Пономарев, Бизес-Акыйкатчынын орун басары: “Экономикалык амнистия ишке ашпайт…”

Сергей Пономарев, Бизес-Акыйкатчынын орун басары: “Экономикалык амнистия ишке ашпайт…”

Бишкек. 16.11.20 informator.kg  “Садыр Жапаров жарыялаган экономикалык амнистияи Кыргызстанда жарыяланган экономикалык амнистиялардын бешинчиси. “Амнистия жөнүндө” мыйзам кабыл алмайын бул эч кандай жыйынтык бербейт”. Бул тууралуу Кыргызстандын бизнес-Акыйкатчысынын орун басары Олег Пономарев жергиликтүү радиолордун бириндеги маегинде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин, (2007.2009,2010,2013) өлкө башчылары тарабынан көмүскө бизнести ачыкка алып чыгуу үчүн экономикалык кечирим берүү жарыяланып, бирок күтүлгөндөй натыйжалуу болгон эмес. 2013-жылы амнистия жарыяланганда бир топ маселелер чыккан. Ишкерлер укук коргоо органдарынын кысымына кабылган учурлар болгон эмес. Себеби, Кылмыш Кодексине түзөтүүлөр кире элек болчу. Ал кезде эгер кайсы бир ишкер 45 млн. сомго чейин товар айлантса анда ал салыктардын үстүнө кошумча 1% төлөөгө, тагыраагы 1 млн. 85 миң сом төгүүгө милдеттүү болгон. Албетте, бюджетти толтуруу үчүн экономикалык амнистиялар жардам берет, бирок, пандемиянын жана экономикалык кризистин шартында ишке ашышы кыйыныраак”,-дейт ал.

Эске сала кетсек, кечээ кызматын тапшырган өкмөт башчы Садыр Жапаров ишкерлерди көмүскө кирешесин легалдаштырууга бир айлык амнистия жарыялаган.