19-сентябрь 2020/informator.kg-

 Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиси Аликбек Жекшенкулов РФнын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова менен жолукту. Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-орус кызматташтыгын тереңдетүү, ошондой эле 2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда өтчү парламенттик шайлоо талкууланган.Россия Федерациясынын аймагындагы Кыргызстандын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу жана добуш берүүгө катышуу маселеси өзгөчө талкууланды.

“Элчи Жекшенкулов РФнын БШК төрайымын 2020-жылдын 13-сентябрында РФнын Бирдиктүү добуш берүү күнүн ийгиликтүү өткөрүү менен куттуктады. Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана Россия Федерациясынын БШКнын байкоочуларын Кыргызстандагы парламенттик шайлоого жөнөтүүгө кызыкдар экендигин билдирди”, – деп айтылат маалыматта.