6-август 2020/informator.kg-

Премьер-министр Кубатбек Боронов 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү иштеринин жүрүшү талкууланган жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.Онлайн режиминде өткөн жыйында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова баяндама жасап, ал жалпы республика боюнча парламенттик шайлоо өткөрүүгө даярдык көрүү иштери толук кандуу жүрүп жатканын белгиледи.Анын айтымында, шайлоо участокторунда добуш берүүдө жарандардын дене табы өлчөнүп, жеке коргонуу каражаттары таркатылып, маал-маалы менен имараттар дезинфекцияланып турат жана тийиштүү аралыкты кармануу талап кылынат. Мындан тышкары шайлоо участокторунан тышкары добуш берүүдө жана шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча кампаниянын учурунда текшерүү алгоритми иштелип чыккан.Кеңешмеде укук коргоо органдарынын, Финансы министрлигинин, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери баяндама менен чыгышты.Премьер-министр мамлекеттик тармактык органдарга, анын ичинде коомдук тартипти, киберкоопсуздукту камсыздоо, уюштуруу маселелерин ишке ашыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.