12-октябрь 2020/informator.kg- Кыргызстандык режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун “Шамбала” тасмасынын Россиядагы бет ачары XXIX “Киношок” ачык кинофестивалында болуп өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти. Фестиваль Анапа шаарында 17-23-октябрь күндөрү болот. Аталган тасма толук метраждуу тасмалардын негизги сынагында көрсөтүлөт. “Шамбала” тасмасынын дүйнөлүк бет ачары ушул жылдын июль айында Шанхай кинофестивалында болуп өткөн. Тасма Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” чыгармасынын негизинде тартылган.