Бишкек. 12.01. 12 informator.kg  Коңшулаш Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев телефон аркылуу КРнын жаңы шайланган Президенти Садыр Жапаровду куттуктады. Бул тууралуу анын шайлоо штабынан кабарлашты.

Анда белгилүү болгондой, өзбек  өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында Кыргызстан алдыда турган баардык кыйынчылыктарды жеңип, мамлекеттүүлүктү чыңдоодо ийгиликтүү программаны ишке ашыраарына, социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүү жолуна түшөөрүнө ишэнээрин билдирген.

Ошону менен бирге эле ал эки өлкөнүнү мындан аркы ынтымагы, кызматташтыгы тыгыз болоорун белгилеп, Садыр жапаровду өлкөсүнө расмий иш сапарга келип кетүүгө чакырганы айтылат.